Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажынын бардык начальниктеринин үйлөрүн текшергенге эрким жетет деп ишендирди баш прокурор

Андан сырткары депутат Өткүрбек Жамшитбековго МБК башчысынын мурунку жардамчысы Раимбек Матраимовдун үйүн текшерүүнү сунуштады  

Депутат Мурадыл Мадемилов Бажы кызматынын мурунку жана азыркы жетекчилеринин бардыгынын үйлөрүн текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда айтты.

Эл өкүлүнүн сөзү боюнча,  мурунку «Түндүк» темиржол бажысынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүн көрсөтүү резонанс болду.

- Мына, Нурбек айбашевдин үйү 5млн. доллар турат, - деп кайрылды Мадеминов башпрокурорго. - Силер эми Раимбек Матраимовдун жана башка бардыкбажынын начальниктеринин үйүн текшергиле. Ушуга эркиңиз жетеби ?

Бул суроого Өткүрбек Жамшитов төмөнкүчө жооп берди :

- Текшергенге да, эгерде керек болсо кылмыш ишин козгогонго да эрк жетет, - деп жооп берди ал.

Бүгүн парламенттин отурумунда Өткүрбек Жамшитовдун 2017-жыл үчүн берген отчётун угуу болгондугун эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх