Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамекенчилер Сапар Исаковду курулуш компаниясынын кызыкчылыгын коргогондугу үчүн күнөөлөшүүдө

Депутаттар мурунку премьердин Тарыз музейин реконсрукциялоодогу жаңжалга тийешеси бар экендигин далилдөөчү фактыларды көрсөтүштү

Мурунку премьер Сапар Исаков Торых музейин реконструкциялоого түздөн түз тийешеси бар. Ушундай деген жоромолун  Vesti.kg сайты менен «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев бөлүштү.
Анын сөзү боюнча, Тарых музейин реконструкциялоодо эч кандай тендер өткөн эмес.

- Сапар Исаков бул маселени жеке өзү көзөмөлдөгөн, тактап айтканда «СМУ-3» курулуш компаниясы музейди реконструкциялаган.
- Ушул эле компания Чолпо-Атада өткон Көчмөндөр оюнунун ат майданын курган. Ошондо да тендерсиз. ошондо да Сапар Исаков көзөмөлгө ал курулушту. Бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн, бирок эмдигиче жыйынтык чыга элек. Парламенттик «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

- Бул маселе чоң резонанс болду жана коомчулуктун көзөмөлүндө турат,- деди ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Прокуратуранын башка жолу жок. Алар бул схеманын чиесин чечип, күнөөлүү адамдарды аташсын.

Андан сырткары  Vesti.kg сайты «СМУ-3» курулуш компаниясына комментарий үчүн кайрылганда, алар бул маселе тууралуу редакцияга кийинчерээк билдирээрин айтышты.

Мурдараак УКМКнын коррупциягв каршы кызматы билдиргендей, текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча ат майдандын курулушунун баасы 1 миллиард сомдон ашык кылынып сметага көрсөтүлгөн. Бирок долбоордук-сметалык документтер жок. Ошого байланыштуу чыгымдар бир нече эсе көбөйтүлгөн.

Бакыт Стамов
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх