Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКда «Атамбаевдин Кыргызстанга түшкөн көлөкөсү» деген китепти окуп жатышат

Чекисттер андагы камтылган маалыматтын маңызын окуп чыгууну көздөшөт

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Дмитрий Верхотуровдун «Атамбаевдин Кыргызстанга түшкөн көлөкөсү» деген китепти окуп жатышат.  Vesti.kg сайтынын официалдуу суроосуна алар ушинтип жооп кылышты.

- Азыркы учурда УКМКда бул китептин маңызын окуп билгени жатышат, - дешти улуттук коопсуздук кызматынан.

Мындан мурдараак  Vesti.kg сайтына УКМКнын отставкадагы полковниги «Элдик фронт» коомдук кыймылынын лидери Абдималик Мырзаев укук коргоо органдарына бул китепти окуп чыгууга чакырган. Эгерде ал китептегилер такталса экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоону сунуштагандыгын билдирген эле.

 Мурдагы чекист Кыргызстанда кылмыш иши чиновниктерге тандалып козголоорун айтты.

- Бизде тилекке каршы кылмыш иши козголбой калат көпчүлүк учурда. Ал кимдир бирөөнүн тууганы болуп калат, же дагы бир ушундай кырдаалдар пайда боло берет. Жаңы келген бийлик болсо иш кылгандын ордуна пиар менен алек болот. Көйгөй болсо ошол эле бойдон калат. Жөн гана кадрлардын алмашуусу болот. Мунун баарынан биз өткөнбүз. Ал эми өлкөнүн тышкы карызы болсо өсүп жатат. Эл болсо Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Өлкө терең сазга батты. Экономика менен олуттуу эч ким деле алек болбойт.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх