Баш прокуратуранын маалыматына ылайык, эң коррупциялашкан орган ИИМ
- жолу 529 кароо
Былтыркы КР БП анализи боюнча жыйынтык ушундай. Баарынан аз мыйзам бузуулар Минюст жана Минэкономдо катталган
Бүгүнкү ЖК отурумунун жүрүшүндө «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов башпрокурорго суроо берди: «Кыргызстанда 2017-жылы эң коррупциялашкан беш органды атаңызчы».
Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бул суроого 2017-жылы ИИМ, транспорт Министрлигинде, Мамэкотехинспекция, архитектура, курулуш Мамагентствосу жана турак жай коммуналдык чарбысы, илим жана билим Министрлиги, МКК жана УКМК , - деп жооп берди.
- Бул биз өзүбүз жүргүзгөн анализдин жыйынтыктары, - деди прокурор.
Турускулов ИИМдин ушул сапта тургандыгы өтө өкүнүчтүү, бул мекеме өзү коррупция менен күрөшүш керек эле го , - деп белгиледи.
Ошондой эле 2016 жылы биринчи орунда бажы кызматы тургандыгын эске салды Жыргалбек Турускулов.
фото www
Окшош макалалар
- #автордукракурс. Курсан Асановду ким сатты?
- ИИМ ИИКда мындан ары бир да «штаттан тышкаркы адам» жок. Алардын үстүнөн көп арыздар түшкөн
- УКМК кандай жол менен коррупциялык акчаларды өндурөт?
- Паракор-милиционер менен макулдашууга барган жактоочу кармалды (видео)
- ИИМ Башкы тергөө башкармасынын башчысы 5 миң доллар пара менен кармалды