Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сапар Исаковдун кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын убакыт гана көрсөтөт»

Мурдагы премьер-министрди куугунтуктоо эмне менен бүтөөрү тууралуу эксперттердин пикири

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги аварияга жооп бере турган жалгыз эле адам эмес деген оюн Vesti.kg сайтына бөлүштү саясатчы Игорь Шестаков.

Анын сөзү боюнча азыр кандайдыр бир аныкталган чечимге келүү кыйын. Кеп көп суммадагы акча тууралуу болуп жатпайбы дейт эксперт.

- Азыркы кырдаалга так баа берүү үчүн Исаковдун дарегине коюлган кунөөнүн канчалык экендигин билүү керек, - деди Игорь Альбертович. -  Биз анан күнөөсүн так билебиз, бирок бул нерселер азыр жарыяланбайт. Териштирүү катаал болот. Ал учурда Сапар Исаков өкмөттүн мүчөсү эмес болчу. Бир эле адам кредит маселесин чечип жибербеши айдан ачык, күнөөлүүлөр баары жазасын алуусу керек.

Көз карандысыз эксперт Марат Казакбаев  Vesti.kg сайтына берген маегинде Сапар Исаковдун жылуулук борборундагы жаңжалга түздөн түз тийешеси бар деп ишенимдүү айтты.

Анын ою боюнча министрлер кабинетинин мурдагы башчысын кылмыш жообуна тартууну убакыт көрсөтөт.

- Чоң мыйзам бузуулар аныкталды. Исаков жактоочу издеш керек,- дейт Марат сайнидинович.

29-майда УКМК Сапар Исаковду коррупция боюнча күнөөлүү деп жарыялады. Мурунку чиновникке өлкөдөн чыкпоо тууралуу башкоргоо чарасы көрүлдү.

Чекисттердин маалыматы боюнча,  Исаков өзүнүн саясий абалынан пайдаланып алдын ала ойлонуштурулган адамдардын тобу менен кытай компаниясынын кызыкчылыгын коргогон.


Алина Ыйманкулова
Фото www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх