Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Канат Исаев сотто акыркы сөзүн сүйлөйт

Соттолгон депутат Канатбек Исаевдин агасы мындан мурунку отурум эмне үчүн болбой калгандыгын түшүндүрдү

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Канатбек Исаев акыркы сөзүн сүйлөшү керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын бир тууган агасы, ИИМ ГУГССО мурунку башчысы Талантбек Исаев билдирди.

Анын айтымында мурунку отурумду сот депутаттын сүйлөөгө даяр эместигине байланыштуу которгон.

- Бүгүн процесс 9:30 башталышы керек эле, бирок алигиче күтүп атабыз, жок, - деди ал.
 
Ушул жылдын январь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган болчу.

Ал Токмоктун мэри болуп турганда коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Ошол эле убакта Баш прокуратура депутат Исаевге башка кылмыш ишин, «кылмыш кылууга даярданган», «массалык башаламандык» жана «күч менен бийликти басып алуу» беренелери боюнча иш козгогон.

Ал 2017-жылдын 30-сентябрында кармалып жана УКМК нын тергөө абагына киргизилген.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх