Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ибраимов Кыргызстандын эң жакшы президенти Акаев деди

КР мурдагы мамлекеттик катчысы Атамбаевдин аркасы менен өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти дегенге макул эмес

Экс-президент Аскар Акаевди Кыргызстандагы президенттердин эң мыктысы деп атоого болот деген оюн Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү өлкөнүн жетишкендиктерине Акаев гана негизги салымды кошкон.

- Эгерде Жээнбековго чейинки президенттерди карап көрсөк, анда Акаев бул өлкө үчүн көп нерсе жасады , - дейт Ибраимов. - Кыргызстандагы жакшы нерселердин баары ошонун маалында башталган. Биз анын эмгектеринин түшүмүн жыйнап жатабыз бүгүнкү күндө. Мен жеке менчик, жер реформасы жана билим берүүдөгү реформаны, жана башкалар тууралуу айтып жатам. Бизди университеттердин өлкөсү катары таанышчу. Баары эле ойдогудай боло бербейт экен, азыр көптөгөн ЖОЖдор билим берүү сапаты боюнча аныкталып калды. Ушунун баары Акаевдин учурунда түптөлгөн. Ооба, бүгүнкү коррупция өзүнүн масштабы боюнча бизди эстен тандырып жатат. Бирок өлкө өнүгүп жатат, элдер жылдан жылга жакшы жашоого өтүп жатышат. Азыр көптөрү өткөндү эстеп алып, көп нерсени башкача кылсак болмок экен дешет. Бирок убакытты артка кайтара албайсың. Бирок эсиңерде болсун Акаевге жаңы гана эгемендүүлүк алган өлкө тийген.

Андан сырткары, Осмонакун Ибраимов кийинки президенттердин жактоочуларына да айта кетти. Мисалы Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик дегендерге түшүндүрмө берди.

- Бул жетишкендиктерди Атамбаевге чаптабагыла, бул өтө эле ашыра мактагандык. Биринчиден «Датка-Кемин» долбоору Акаевдин учурунда түзүлгөн. Биздин убагыбызда өлкө бутуна эми туруп баштаган. Биз ал кезде Кытайдын жеке банктарынан кредит алууну ойлогондон да коркчубуз. Канткенде да Кытай башка мамлекет, демейде мындай иш эмне менен бүтөөрү бизге белгилүү. Алтургай биз жамандаган Бакиев да бул долбоорго чоң салымын кошкон.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх