Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиев Тажикстан аркылуу АКШга учуп кеткен. Ага издөө жарыяланды

УКМК депутаттын жоголгондугу тууралуу маалыматты билдирди. Анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө дипломаттык паспорту жардам берген  

УКМК  ЖК депутаты Аскарбек Шадиевге 31-майда сыртынан айыптуу деп угузган. Кеп Чыңгыз Айтматовдун атына премияга берилген 30 миң долларды менчиктеп алуу тууралуу болуп жатат.

Саясатчыга КР КК 304-берененин 3 б. 1 п. 4 б. менен айып тагылган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлгөн. Бул кылмыш иши 2018-жылдын 28-апрелинде Башпрокуратура тарабынан козголгон. Бирок Шадиев бир күн мурун, башкача айтканда 27-апрелде өлкөдөн сыртка чыгып кеткен. Ал Кыргыз Республикасынын Лейлек районундагы Арка кыштагынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Тажикстанга кирип кеткен.

28- апрельде ага кылмыш иши козголгондон кийин, "Худжант-Москва"  авиакаттамы менен саат 18:20 учуп кеткен. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспортунун аркасын мегнен андан ары Нью-Йорк шаарына учуп кеткен. Жакындарынын айтымында ал дарылануугу кеткен, бир эки жумада келип калуусу мүмкүн.

Бирок ошондон берүү иликтөө органдарынан атайылап эле качып жүргөндүгүнө байланыштуу ага издөө жарыяланды.

УКМКнын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх