Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана башкалар үчүн дагы бир үмүт пайда болду

Бүгүн Жогорку сот алардын иштерин карайт

Бүгүн саат 14:00 Жогорку сот Жалал-Абаддын мурунку губернатору Бектур Асановдун, экс-депутат Карганбек Самаковдун, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жана мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдордун иштерин карайт.

2016-жылдын мартында аталган оппозиционерлер УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алууга айыпталып кармалган. Камоого себеп болуп алардын бири бири менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн үнжазмасы эсептелген. Анда алар Кыргызстанда мамлеттик төңкөрүш жасоону пландашкандыгын эсиңиздерге салабыз.

Былтыр апрель айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан кескен.
Дастан Сарыгулов болсо шарттуу түрдө 4 жылга кесилген. Айыпталуучулар райсоттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияларга арызданууну чечишти.

Бишкек шаардык соту 7-февралда биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң Баш прокуратура жазаны катаалдатууну талап кылып Жогорку сотко арыз жолдогон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх