Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банктын башчысы - креслосун сактап калгандардын бири. Кантип сактап калды экен?

Жаңы бийликтин Толкунбек Абдыгуловго болгон ылым саноосу тууралуу эксперттердин ою

Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башына келишине удаалаш бир катар чиновниктер "тазаланууга"  дуушар болушту, иш жузундө баары жаңыланды.  Бүгүнкү күнү экс-президенттин мурдагы командасы, мекемелердин башчылары креслолорунан кол жуушту.

Бирок кадрлар алмашканы менен башка жылыш болгон жок. Алардын ичинен Улуттук банктын төрагасы мурун Атамбаевдин убагында биринчи вице-премьер болууга жетишкен Толкунбек Абдыгулов ордунда калды.  КРУБ төрагасына болгон мамлекет башчынын ылым саноосу эмнени түшундүрөт ?  Толкунбек Сагынбековичтин кесипкөлүгүбү, макулдашууга жөндөмдүүлүгүбү же дагы бир башка себеби барбы?  Vesti.kg сайты ушундай  суроо менен эксперттерге кайрылды.

- Так жооп айтууга мүмкүн эмес, - дейт белгилүү экономист Аюпов. - Мүмкүн убакыттын өтүшү менен Толкунбек Абдыгуловго да каршы бир нерсе издеп башташат.  Азыр мурунку бийликте иштегендердин баары иликтенип жатат.

Ал эми экономикалык маселелер боюнча адис Айылчы Сарыбаев Улуттук банктын төрагасынын эч ким менен талаштуу келишим түзбөгөндүгүнө жана чоң өлчөмдөгү акча операцияларын жүргүзбөгөндүгүнө көңүл бурду.

- Абдыгулов КРУБ төрагасы катары гана өз кызматын аткарат. Бирок зарыл негиздер болсо эл алдында жоопко тартылуусу керек. Биздин республикада чындап жазага тартуу учуру болгон эмес. Тилекке каршы чуулгандуу кылмыш иликтөө ишин жүргүзүп туруп эле, акырында ишти жаап салат.

Бегимай Алмазова
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх