Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаровго карата кызматтык иликтөө башталды (сүрөт)

ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаровго карата кызматтык иликтөө башталды

Алдын ала белгилүү болгон маалыматка ылайык, генерал өлкөдөн чыгып кеткен жана бул тууралуу жетекчиликке билдирген эмес

ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаровго карата кызматтык иликтөө башталды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМдин пресс-кызматы билдирди.

- Данияр Абдыкаров расмий түрдө алганда эмгек өргүүсүнө чыккан, бирок анын Түркияга учуп кеткендиги тууралуу маалыматтар пайда болду, - деп билдиришти министрликтен.

- Нормативдик буйруктарга ылайык, ал өлкөдөн чыгуу үчүн мекеме башчысынан урусат алышы керек болчу. Ал рапорт берген эмес жана макулдук алган эмес. Бул фактылар боюнча 6-июнда кызматтык иликтөө башталды.

Facebook социалдык тармагында Данияр Абдыкаровдун мамлекеттик чек арадан өткөндүгү тууралуу документтин сүрөтү пайда болгон. Ал жерде анын Анталияга учуп кеткендиги көрсөтүлгөн.



Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх