Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку соттун соту Алмазбек Атамбаевдин тууганы болуп чыктыбы?

Ага оппозиционерлер Асановдун, Кадыровдун жана Карыбековдордун иштери боюнча чечим кабыл алууну ишенип беришкен. Жактоочулар сотту процесстен алып салууга жетише алышкан жок

Оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдордун үстүнөн болгон процесс соттордун мурдагыдай эле бийликтин буйругун аткарып жатышкандыгын ашкере кылды. Мындай деген пикирин  соттолгондордун жактоочусу Акин Токталиев Vesti.kg  сайты менен бөлүштү.

Анын айтымында кечээ Жогорку соттун соттору өздөрүнүн алсыз жана көз каранды экендиктерин көрсөттү.

- Бул чынжырга окшош, - дейт ал. - Ушундай жол менен алар төмөнкү инстанциядагы сотторду коргошот. Алар, эгерде биз буларды актасак, анда булар прокурорго, тергөөчүгө жана сотторго доо, арыздарды жазышат деп ойлошот. Ошондой жаңжалды болтурбоо үчүн, алар жөн гана мөөнөтүн кыскартып коюшту.

Сөзү кургак болбош үчүн Токталиев соттук коллегиянын бир мүчөсү тууралуу билдире кетти.

- Соттук коллегиянын бир мүчөсү Болот Акматов экс-президент Алмазбек Атамбаев экөө эки бир туугандын балдары болот. Аны сот кызматына дайындап жатып парламентте ушул суроону бергенде ал Атамбаевдин тууганы экендиги тууралуу фактты четке каккан эмес.
Мен ага процессте : «Сиз Атамбаевдин тууганы болгондугуңуз үчүн бул жерде турганга акыңыз жок, сиз экс-президенттин саясий буйрутмасын аткарып жатасыз » деп айттым. Биз башка сотторго да процесстен алып салууну билдирдик, бирок алар муну четке кагышты.

Кечээ Жогорку сот оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдорго карата чыгарган ылдыйкы инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Ошону менен катар алардын жаза өтөө мөөнөттөрүн кыскартты.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх