Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт мамлекеттик күрөө компаниясы менен кредиттин баасын түшүрүүнү талкуулады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кредиттин баасын 6 пайызга чейин түшүрүүнү тапшырды

Мамлекеттик күрөөгө коюу компанияларынын өкүлдөрү өкмөт менен кредиттин баасын 6% чейин түшүрүүнү талкуулайт. Бул туурасында Vesti.kg  сайтына МКК пресс-кызматы билдирди.

- Кечээ күнү алар өкмөттө кредиттин бааларын түшүрүүнун мүмкүн болгон механизмдерин талкууга алышты, - деп айтты МКК пресс-катчысы Нурида Имаралиева. - Толугураак айтууга азыр эрте, анткени азыр эчтеке чечиле элек.

Ал кредиттин 8% баасынын  2% бюджеттик ссуда, 4%  коммерциялык банктардын кызматы жана 2% МКК операциялык чыгымдары деп түшүндүрдү.

Эки күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик күрөө кредиттерин жылдык пайызын 8 пайыздан 6% чейин түшүрүү маселесинин үстүндө иштөөнү тапшырды. Ал өзүнүн билдирүүсүн ААК «Мамлекеттик күрөө компаниясынын» ишмердүүлүгү тууралуу отурумда айтты.

«Биз бюджеттен акчаны коммерциялык банктардын пайдасын көбөйтүү жана күрөө компанияларынын кызматкерлерине айлык төлөө  үчүн бөлүп жатканыбыз жок » - деди өкмөт башчы.  

«МКК» кредиттеринин жылдык баалары 8-10% түзөт.

2018-жылдын майынан тартып, МКК каржылоонун жоктугуна байланыштуу кредит алууга арыздарды кабыл алууну убактылуу токтоткондугун эскерте кетели.

«Мамлекеттик күрөө компаниясы» ААК мамлекеттик программасынын алкагында «2015-2020 ж. жеткиликтүү турак жай» түзүштү.
Компания бюджетте отурган жумушчуларды турак жай менен жеткиликтүү шартта камсыздоого багытталган.

2017-жылы сентябрда өкмөт мамлекеттик күрөөнүн баасын 8% арзандаткан. Ал эми эң узак төлөө мөөнөтү 15 жыл.

Ольга Федорчук
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх