Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кечээ эле мурдагы президентке кошулуп, коррупцияга малынган органдар, бүгүн дароо эле акыйкат боло алышпайт»

Равшан Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы сот түзүүнү сунуш кылды

Экс-депутат  Равшан Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы тергөө органын жана  коррупцияга каршы сот түзүүнү сунуштады.
Бул тууралуу оюн Vesti.kg  сайтына ал өзү билдирди.   

Равшан Бабырбековичтин сөзү боюнча, мындай практика көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

- Ал өлкөлөрдө атайын кррупцияга каршы тергөө органдары жана коррупцияга каршы соттор түзүлгөн. Ал жакка татыктууларды алышат, тажрыйбасы мол жана коррупцияга малынбаган адистер иштешет.

Алар жалаң гана бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык иштерин кароо менен алектенишет. Мисалы, Малайзияда мындай органдар такай иштешет. Украинада жаңы гана түзүлдү.

Жээнбеков эмне үчүн мындай практиканын зарылчылыгы бышып жетилгендигин түшүндүрдү.

- Мурунку бийликте кызмат кылып жүргөн укук коргоо органдары жана соттор бүгүн өзгөрүп, эсине келип калгандай кырдаал болуп жатат, - деп улантты мурунку эл өкүлү. Кокусунан эле акыйкат боло калышып, мурунку бийликтин өкүлдөрүн кууй башташты. Бул жерде аталып жаткан институттун моралдык жагы тууралуу сөз болуп жатат. Эгерде кааласаңар бул нерсени институционалдык бузулуу деп атайлы. Бул нерсе адамдардын ушул органдарга болгон ишенимдеринин жоголушунан болуп жатпасын? Менин айтайын дегеним кечээ гана мурунку президент менен коррупциялык иштерди кылып жүргөн институт, бүгүн шарт эле акыйкат болуп кала албайт. Андан сырткары , биздин тергөө органдарында жана соттордо компетенттүү кадрлардын жетишсиздиги байкалат.

Бакыт Стамов
Шамиль Жалилов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх