Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раимбек Матраимовду Алмазбек Атамбаевдин кызынын айынан иштен бошоткон

Бажы кызматынын башчысынын орун басары иштен бошотулушунун чыныгы себебин айтты

Бажы кызматынын башчысынын орун басары Раимбек Матраимовдун жумуштан айдалышына  анын кайын эжеси менен Атамбаевдин кызынын урушуп кетиши себеп болгон. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына бажы кызматынын башчысынын орун басарынын иниси депутат Искендер Матраимов билдирди.

Депутат бул окуянын аки чүкүсүнө чейин айтып берген жок, агасынын  «Азиа Ньюс» басылмасына берген интервьюсун угуп көргүлө деди.

Ал интервьюда Раимбек Матраимов чындап эле анын кайын эжеси менен Атамбаевдин кызынын жолдогу жаңжалы анын иштен кетишине себеп болгондугун айткан.

- Мен орозо тутуп атам , калп айтсам болбойт, - деди ал. Мен болгонун болгондой айтам. Менин иштен бошотулушум менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу эмес. 2017-жылы октябрда, шайлоодон эки күн өткөндөн кийин, Ахунбаев көчөсүндө менин аялымдын эжеси Атамбаевдин кызы менен парковкадагы орун үчүн урушуп кеткен. Бирок ал кыз Атамбаевдин кызы экендигин билген эмес. Кыскасы менин кайын эжемди эки күнгө камап салышты. Андан соң алар соттошушту. Мен ал учурда Ошто командировкада болчумун. Бир айдан кийин мага Икрам Илмиянов чалып, анын шефи жиндеп аткандыгын, мени жумуштан алганга көрсөтмө бергендигин айтты. Андан сырткары, менин билишимче укук коргоо органдары ошол убакта мени камоого тапшырма алышкан. Ушул акыйкатчылыкпы ?  Атамбаев өзү бир канча жолу айтты эле го, туугандарыбыздын кылгандарына жооп бербейбиз деп.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх