Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ШКУ төрагалыгы - бул жөн эле формалдуулукпу же ыңгайлуу учурбу?

Бул уюмдун биздин өлкөгө канчалык деңгээлде пайдасы бардыгы тууралуу талдоочулардын пикири

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ төрагалык кылуу менен Кыргызстандын кээ бир тышкы саясий маселелерин чечип алса болот.

 Мындай деген оюн «Чыгыш-Батыш стратегиясы» аналитикалык борбордун жетекчиси, саясатчы Дмитрий Орлов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу - бул номиналдуу түшүнүк, - дейт талдоочу. - Чындыгында мындан эч кандай пайда чыгарганга болбойт. Президент тышкы саясат жүргүзүү алкагында ушуну пайдалана алмак беле.

Өз кезегинде профессор, геосаясат жаатындагы талдоочу Мурат Сүйүнбаев Кыргызстан ШКУ төрага болуп турганда чек ара маселелерин чечип алса болот деп эсептейт.

- Кандайдыр бир материалдык пайда чыгарып алууга мүмкүн болбосо керек, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бирок биздин өлкөнүн күн тартибинде карала турган маселени баштаганга укугу болуп калат. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арадагы чечилбеген маселелерди чечүүгө кошумча түрткү берүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мындай уюмдун алкагында өзү мындай маселелер такыр болбошу керек эле. Бул нерсе тууралуу конфликттердин болушу - бул анохронизм. Белгилүү себептер менен Россия менен Кытайдын ортосунда мындай маселе жок, анткени чек аралары такталып бүткөн.  Андан сырткары Индия менен Пакистандын олртосундагы чек ара маселесин көтөрсө болот. Дайыма ошол жактан карама каршылык пайда болуп, бул кызматташтык уюмдун кадырына доо кетирип турат.

Мурат Насирдинович ШКУ мүчөлөрү талкуулаган маселеде наркотрафик жана терроризм менен күрөшүү да болот деп болжолдойт.

- Бул маселелер дайыма актуалдуу, - деп кошумчалады ал.

9-10 июнда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болуп өттү. Жоолгушуунун жыйынтыгында ШКУ төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх