Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Россияда Кыргызстандын банкын ачууну сунуш кылды. Анын кандай терс жактары болот?

Талдоочу  депутат айткан идеяны ишке ашырууда боло турган кыйынчылыктарды эсептеп берди

Депутат Акылбек Жапаров Россияга Кыргызстандын банкын ачууну сунуштады. Бул идеяны депутат бүгүн ЖК бюджет жана финансы комитетинин отурумунда айтты.

Анын айтымында,  азыр ушундай финансы мекемесин ачуунун зарылчылыгы келип чыкты.

- Россияда биздин мигранттарыбыз көп, - деди ал.  - Жыл сайын алар Кыргызстанга 2 миллиард доллар жөнөтүшөт.  Эгерде ушул каражат кыргыз банкында сакталса, анда бул цифра байкалаарлык көбөймөк. Башкача айтканда биз бул акчаны өз кызыкчылыгыбызга жумшай алабыз.

Ал арада КР банктар Уюмунун президенти Анвар Абдраев депутаттын бул идеясынан бир катар кыйынчылыктарды көргөндүгүн Vesti.kg сайты ага комментарий үчүн кайрылганда айтып берди.

- Мен Акылбек Жапаровду экономист катары сыйлайм, бирок бул түшүнүксүз болуп жатат, ал банк жеке болобу же мамлекеттикиби, - деп белгиледи ал. - Мамлекеттики болсо кыйыныраак болуп калат, анткени бюджетте тийешелүү сумма турушу керек болот. Ал эми башка жагынан алып караганда, эгерде бюджеттин профицити болсо, анда акчаны өлкөдөн сырткары чыгарбай эле койгон жакшы. Тескерисинче, акча Россиядан бул жакка которула бергени жакшы. Ал эми бул үчүн, кимдир бирөө жеке түрдө ал жакта Кыргызстандын банкын ачуусу керек. Биздин акчалуу мигранттарыбыз бул идеяны колго алышы керек. Туура түшүнгүлө, алтургай ондогон, жана жүздөгөн ээлери бар элдик банк ачса болот.

Бүгүн ЖК бюджет жана финансы комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасынын отчёту каралып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх