Сооронбай Жээнбеков дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш аземине катышат
Президент жумушчу сапар менен Москвага Путиндин чакыруусу боюнча барат
Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча, 14-июнда Москвага иш сапары менен барат.
Бул жүрүштүн алкагында мамлекет башчы Москвада 14-июнда өтө турган дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш аземине катышат.
Жээнбеков менен Путиндин эки тараптуу жоолугушуусу күтүлүүдө, ал жерде эки тараптын кызматташтык маселелери талкууланмакчы.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз