Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талантбек Исаев анын инисинин соту тууралуу: Эгерде мамлекетке чыгым келтирбесе, анда эмнеге күнөөлүү деп эсептелет

Депутат Канатбек Исаев акыркы сөзүн сүйлөдү, бирок процессти дагы жылдырып коюшту

Бүгүн Бишкек шаардык соту депутат Канатбек Исаевдин сотун дагы бир жолу жылдырды. Кийинки угуу 21-июнда болот. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына депутаттын бир тууган агасы Талантбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, Канатбек Исаев бүгүн акыркы сөзүн сүйлөдү.

- Айыпталуучулардын бирөөсү акыркы сөзүн айтпай калды, ошондуктан процессти дагы жылдырды, - Талантбек Кедейканович. - Канат өз сөзүндө тергөө тараптан 27 фальсификация болгондугуна соттун көңүлүн бурду !   Ошондой эле ал коррупция тууралуу акыйкат суроо берди. Чындап эле, эгерде мамлекет чыгым болбосо, анда эмнеге муну күнөөлүү дешет ?

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Биринчи май райондук соту депутат Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Ал Токмоктун мэри болуп турганда коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх