Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ал учуп кеткен, бирок кайра келем деген. ИИМдин башчысынын орун басары Данияр Абдыкаров мекенге кайтып келди

Эртең генерал уруксатсыз саякаты тууралуу жетекчилик алдында жооп берет    

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Кыргызстанга кайтып келди, бирок жумушка азырынча чыга элек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ИИМ пресс-кызматы билдирди.

- Мекемедегилер Абдыкаровдун эмгек өргүүсү али бүтө электигин айтышты. Бирок ал уруксатсыз өлкөдөн чыгып кеткендигинин себебин жетекчиликке түшүндүрүшү керек. Ага карата кызматтык иликтөө азырынча бүтө элек.
Мындан мурдараак Vesti.kg сайты ИИМ башчысынын орун басары Түркияга учуп кеткендигин жазгандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал чек арадан чыгуу уруксатын алган эмес. Кызматтык иликтөө башталган.

Вероника Малышева
Фото www    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх