Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Жолдошбаевдин «хан сарайы» көп квартиралуу турак жай комплекси болуп чыкты (сүрөт)

Депутат Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бюджеттен айлык алып иштегендер үчүн  дагы бир нече курулушка даярданып жаткандыгын айтты

«KaktusMedia» МА билдиргендей депутат Камчыбек Жолдошбаевдин «хан сарайы» деп аталган үй депутаттын жеке мүлкү эмес көп квартиралуу турак жай комплекси болуп чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эл өкүлү өзү айтып берди. Анын сөзү боюнча бул курулуш жакын арада бүтүп калат.

- Бул али курулуп бүтө элек көп квартиралуу турак жай комплекси. Ал жерде азыркыга чейин курулуш иштери бүтө элек. Биз дагы бир нече көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бюджеттен айлык алып иштеген адамдарга күрөө шарты менен берүүнү көздөп жатабыз,- деди эл өкүлү.

Андан сырткары, Жолдошбаев анын кээ бир иш аракеттери тууралуу жазган ММК чыгарылыштарына комментарий берди.

- Менин мүнөзүм жөнөкөй экендигин жашырбайм: мен ар бир нерсени өз аты менен атайм, менин да депутат катары бул жашоодо белгилүү бир багытым бар. Мен эч кандай жасалма нерсеси жок эле коомчулукка салым кошоюн деп жатам. Ишиме байланыштуу мага элдер менен көп жоолукканга туура келет, Жогорку Кеңештин отурумдарына катышам. Албетте, балким ушул нерсем менен мен кимдир бирөөгө «оңтойсуз» болуп жатсам керек. Менин саясаттагы көз карашым калыптанып калган, ал эми экономикалык жактан көз каранды эмесмин. Андан сырткары мен билип калсам жаңылгандарга сын айтам, эгерде буга себеп болсо. Мыйзам бузгандар экинчи кайталабасын деген ойдо кээде аёосуз сындап коём, - деп Vesti.kg сайтына  оюн бөлүштү эл өкүлү.



Камчыбек Жолдошбаев көптөн бери коррупционерлердин "чекесине чыккан чыйкан"  болуп жаткандыгын сезгендигин жана акыркы болуп өткөн окуянын ошого байланышы бар экендигин кошумчалады.

- Мен сындаган чоң кызматтагы чиновниктер баш болуп мени каралагандарына өтө кубанышты. Андан сырткары 13-февралда мен баштаган Мамэкотехинспекциянын иштерин текшерүү да ишке ашкандыгын эске алып коюуга болот. Мага Шопоков шаарынын жашоочулары «Лахор Стиль Микс» деген темирди кайра иштетүүчү завод экологиялык-техникалык мыйзамдарды бузуп жатышканын билдиришти. Менин көшөрүп талап кылгандыгымдын натыйжасында бул заводду Мамэкотехинспекция айыпка жыгып, өндүрүш убактылуу токтотулду, - деп билдирди ал.

Жолдошбаев белгилеп өткөндөй, туризм тармагындагы түзүлгөн кырдаал да аны кыжаалат кылат.
- Ушул да ишпи, биз Ысык-Көлгө жайкы мезгилди ачтык, бирок меймандарды кантип тосууну али ойлоно да элекпиз ?  Айлананы каптаган акыр-чикир кыргыз меймандостугун аксатып атат. Мамэкотехинспекцияда коррупциялык схема бар экендиги жөнөкөй көзгө да көрүнүп турат. МЭТИ директору көп сандаган мыйзам бузуулардын айынан иштен айдалды, - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеште КТРК башчысы Илим Карыпбековго жана кызматтагы бир катар адамдарга сын айткандыгын Камчыбек Жолдошбаев эстеди. Ал акыркы өзунө карата болгон чыгарылышты ошону менен байланыштырат.

- Менин алардын дарегине айткан сыным ММКдагы мага карата чыгарылган терс көрүнүштөргө себеп болуп берди. Андан сырткары журналисттер адегенде иликтеп туруп анан таркатышы керек эле ал турак жай комплексин. Үй курулуп бүтө электигин жана ЖЧК «Беш Сарынын» балансында тургандыгын алар өздөрү жазбадыбы.  Ушул үйдү меники дешкендери туурабы ?  Мен спортсмен, педагог, бизнесмен, коомдук ишмер жана депутатмын, мурун аткаруу бийлигинин саясий жана административдик кызматтарында иштеген эмесмин.

Силердин окурмандарыңар кайсы чын да, кайсы калп экендигин өздөрү талдап билет деп терең ишенем, - деп сөзүн бүтүрдү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх