УКМК Темир Сариевди суракка алып жатат
Экс-премьерди Бишкек ЖЭБ модернизациялоо иши боюнча күбө катары суракка чакырышты
Экс-премьер-министр Темир Сариевди бүгүн улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК пресс-кызматы билдирди.
Мурунку өкмөт башчыга Бишкек ЖЭБ модернизациясы тууралуу суроолор пайда болгондугун билдиришкен.
- Аны жылуулук борборун калыбына келтирүү ишиндеги коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырышты. Ал азыр суракта отурат, - деп билдиришти УКМКдан.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз