Жакынкы келечекте Кыргызстан өзүнүн карыздарынан кутулганга күчү жетеби?
Бул жаатында көрүнүктүү экономисттер бир пикирге келе алышкан жок
Кыргызстандын сырткы карызы чыны менен аябагандай көп, бирок өлкөнүн экономикасын чыңдаса, 3-4 жылда кутулуп кетүүгө болот. Vesti.kg сайтынын маектеши, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев буга терең ишенет.
- Биз канткен күндө да 6 миллион калкы бар мамлекетпиз, - деп эскертет талдоочу. - Биз чоң потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээбиз, кендерибиз жана гидростанцияларыбыз бар.
Жумакадыр Асанкулович өткөнгө кайрылып, көйгөй эмнеден башталгандыгын түшүндүрүүгө аракет жасады.
- Акаевдин маалында, эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тартып эле кредиттерди ойлонбой жана максатсыз колдоно башташты, - дейт ал. - Ошол убакта Европа банкынан 28 миллион доллар калктын жашоосун оңдоо үчүн кредит алышкан. Кийин белгилүү болгондой, ал техникалык кредит экен. Ал эми жаш балдардын тамагы жана дары дармектердин мөөнөтү өтүп кеткен экен. Баарын жок кылууга туура келди. Акча шамалга сапырылып жок болду.
Экономисттин айтымында, дагы бир мойнубузда турган карыз, бул түрк компаниясы сунуштаган кой чарбасын өнүктүрүү долбоору.
- Алар аркар-мериносторду Кыргызстандын шартында өстүрүүнү изилдешкен, - деп тактады Акенеев. - Акчанын кайда кеткендиги белгисиз. Мындан мамлекет эч кандай пайда көргөн жок. Андан сырткары «Манас» аэропортун реконструкциялоого 300 миллион доллар кетти. Бул да Акаевдин учурунда болгон. Чындыгында кылынган иш 20 миллион долларлык гана болгон. Калган акчанын кайда кеткени дагы эле белгисиз. Эгерде салыштыра турган болсок Казакстандын аэропорту биздикинен эки эсе жакшыраак, бирок ага 100 миллион доллар эле кеткен. Баштан аяк коррупция. Эми бюджеттин киреше бөлүгүн карызды төлөөгө багыттоого туура келет. Ошону менен катар Жумакадыр Асанкулович бардык аткарган иш ачык жана терең ойлонуштурулган болушу керек, ошондо гана чыгымдар акталат деп кошумчалады. Талдоочу жаңы бийлик акыбалды оңдоп кетет деп ишенет.
Өз кезегинде экономист Асылбек Аюпов Vesti.kg сайты менен маектешкенде Кыргызстандын абалы азыр оор экендигин айтты. Анын ою боюнча карыз мындай темп менен өсө турган болсо, анда мамлекет карызды төлөй албай калат.
- Андай болгон учурда бизден бардык инвесторлор баш тартышат, - деп чочулайт талдоочу. - Массалык жумушсуздук башталып, бардык идиректүү ишканалар жабылат. Жакырлардын саны көбөйөт. Бирок кудайга шүгүр, азыр мамлекет пайызды төлөп жатат.
Ошону менен бирге Асылбек Нургазиевич азыркы учурда Кыргызстан Кытай менен мамилени жакшыртып жатат.
- Алар бизге грант бөлүп берип жатышат, - дейт экономист. - Бул албетте бекер эмес. Убакыттын өтүшү менен аны кайтарыш керек болот. Карызды төлөсөк, биз менен дагы иштешет жана инвестиция салышат.
Аюпов карызды кечип жиберет деп үмүт кылганды токтотуш керек деп эсептейт.
Кыргызстандын ички жана тышкы карызы бүгүнкү күндө 299,7 миллиард сомду түзөөрүн эсиңиздерге салабыз. Бул ар бир жаранга 708,8 доллардан туура келет деген сөз. Карыздын орчундуу бөлүгүн Кытайдын экспорт-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар түзөт.
Алина Ыйманкулова
фото www