Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллиондон 1 миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылышты

Республика боюнча бул мыйзам долбоорун колдоого кол топтоо башталды

Демилгечи топ партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн 5 миллиондон 1 миллион сомго түшүрүү мыйзам долбоорун колдоого жалпы республикалык кол топтоону баштады. Бул туурасында Vesti.kg сайтына демилгечи  партиялардын бири, «Жаратман эл» саясий партиясынын  төрагасы Расул Түлеев билдирди.

Анын сөзү боюнча, мыйзамга ылайык бул мыйзам долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миң кол топтоо керек.

- Биздин демилгечи топто 33 киши бар, алардын ар бири өзүнүн аймагында кол топтойт, - дейт ал.  - Эң негизгиси, бул мыйзам долбоор олигархтардын эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөндөргө негизделген. Баарыңыздарды кол кабыш кылууга чакырам жана бул мыйзам долбоору аркылуу элдик максатты орундатабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх