Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Башпрокуратура Атамбаевдин билдирүүсүн изилдеп чыгуусу керек

Мыктыбек Абдылдаев Бишкек ТЭЦ реконструкциясы боюнча кабыл алынган стратегиялык чечимдердин жоопкерчилигин экс-президент өз мойнуна алгандыгын эскертти

Башпрокуратура Алмазбек Атамбаевдин мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун камалышы тууралуу билдирүүсүн изилдеши керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин отурумунда Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

- Жакында мурунку мамлекет башчынын билдирүүсү чыкты. Бул кайрылуунун арты эмне менен бүтөт, Башпрокуратура бул нерсеге чара көрөбү ?  Ал бардык жоопкерчиликти КР КЖК беренеси боюнча өз мойнуна алып жатпайбы,- деп айтты Мыктыбек Юсупович.

Башпрокуратуранын тергөө башкармасынын башчысынын орун басары Максат Эсенбаев Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат деп жооп берди.  

- Тергөө жүрүп жатат. Биз укук талаасынын алкагында гана жооп бере алабыз, - деди Эсенбаев.

Алмазбек Атамбаев өзүнүн билдирүүсүндө КЭР кредитине байланышкан ЖЭБ реконструкциялоо боюнча стратегиялык чечимдерди, ошондой эле подрядчиктерди тандоодо кытай тарап менен макул болуу тууралуу, чет элдик гранттык каражаттан «Калыс-Ордо» конушуна бөлдүрүп берүү тууралуу чечимдердин баарын мамлекеттин жана өкмөттүн  башчысы катары өзү кабыл алгандыгын айткандыгын эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх