Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Москвада мигранттар менен жоолугушат

Өлкө башчысы менен боло турган жоолугушууга активисттер, Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана жетекчилери катышат

Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 14:00 Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде президент Сооронбай Жээнбековдун мигранттар менен жоолугушуусу пландалган. Бул туурасында Vesti.kg сайтына президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын сөзү боюнча, өлкө башчы менен болчу жоолугушууга активисттер, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жетекчилери катышат.

- Россиянын президенти Владимир Путин менен жоолугушкандан кийин Сооронбай Жээнбеков план боюнча мекендештери менен жоолугушуусу керек, - деп тактады ал. - Бул жоолугушууда президент мигранттардын суроолоруна жооп берет жана өзүнүн жүргүзгөн саясаты тууралуу айтып берет.

Мындан туптуура бир жыл мурун, 21-иньда Алмазбек Атамбаев да Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жоолугушкандыгын эсиңиздерге салабыз. Мекендештердин сөздөрүн угуп, мамлекет башчы кызматтан кеткенден кийин да Россиядагы кыргызстандыктар менен тыгыз иштешем деп убада берген эле.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх