Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Игорь Чудиновдун депутаттык мандатын Бактыбек Турусбековго өткөрүп беришти

Жаңы депутат күбөлүк жана төш белги алды

Бүгүн БШК «Бир Бол» партиясындагы Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандатын тизме боюнча депутаттыкка талапкер Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке өткөрүп берүү тууралуу токтомду кабыл алды. Бул тууралуу тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин пресс-кызматы билдирет. Белгилүү болгондой, жаңы эл өкүлүнө күбөлүк жана ЖК депутатынын төш белгиси берилди.

Мындан бир аз мурда БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Vesti.kg сайтына депутат Игорь Чудиновго карата айыптоо өкүмү күчүнө киргендиги тууралуу документтер келип түшөт деп билдирген болчу.

- Ошондон кийин гана Чудиновдун мандатын алуу тууралуу маселе көтөрүлөт, - деген ал. - Тизме боюнча Нурболот Мирзахмедов, бирок ал ӨКМ башкарып атат. Демек, мандат Бактыбек Турусбековго өткөрүлүп берилет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх