Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов жакынкы күндөрдө камалышы мүмкүн

Бирок, кээ бир маалыматтарга ылайык, ал дем алыш күндөрү өлкөдөн чыгып кеткен

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жакынкы күндөрдө камалышы мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк маалыматтар билдирди.

Такталбаган маалыматтар боюнча, ага коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектенип жатышат.

Ал арада ушундай эле маалыматты фейсбук соц. тармагынын колдонуучусу белгилүү саясат таануучу Дмитрий Орлов бөлүшкөн. Анын айтымында «Райым миллиондун» камакка алынышын жогору жактагылар чечип коюшкандыгын олуттуу адамдар билдиришкен.

Бирок кийинчерээк ага ошол эле «олуттуу адамдар» Райымбек Матраимовдун өлкөдөн качып кеткендигин билдиришкен.

Матраимовдун өткөн дем алыш күнү Кыргызстандан чыгып кеткендигин анын бир тууганы Искендер Матраимов ырастаган да, четке каккан да жок.
Ал журналисттерге өзүнүн ооруп тургандыгын айтып, бул суроого жооп бербөөнү эп көрдү.

Vesti.kg сайты жогоруда айтылган маалыматтарга комментарий алуу үчүн УКМК кайрылганда, алар эч кандай комментарий беришкен жок.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх