Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматов тергөө абагында калат

Бүгүн Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэринин жактоочусунун арызын карап көрүп ушундай чечим кабыл алды

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун апелляциялык арызын карап көрүп, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Андан сырткары Бишкектин экс-мэрине карата дагы бир кылмыш иши козголду. Прокурордун сөзү боюнча, Кулматовго КР КЖК «Мөөр, бланк, штамп, мамлекеттик сыйлыктарды, жасалма документтерди даярдоо, колдонуу жана ошондой эле мыйзамсыз чек араны кесип өтүү» беренеси боюнча айып тагылган.

Июнь айынын башында Биринчи май райсотунун чечими менен Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин УКМК убактылуу тергөө абагына киргизилгендигин эсиңиздерге салабыз.

Ал коррупция боюнча айыпталууда.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх