Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Сагындык Келдибаев Россиянын жараныбы ? (сүрөт)

Такталбаган маалыматтар боюнча, РФ ФМК дарек базасында анын паспорту дагы эле жарактуу

Депутат Сагындык Келдибаевдин паспорту РФ ФМК дарек базасында дагы деле жарактуу деп эсептелет. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына БШК өздүк маалымат булактарыбыз билдирди.

- 2018-жылы мартта Борбордук шайлоо комитетине Келдибаевге мандат берээрдин алдында Кыргызстандагы Россиянын консулунун справкасын алып келип берген. Ага 2014-жылы РФ жарандуулугунан чыгууга уруксат берилген. Бул уруксат жарандыктан чыгуу бланкасында жазылуу болчу, - дейт өздүк булак. - Апрелде Сагындык Келдибаевге мандат беришти, ал эми майда анын паспорту дагы эле жарактуу деген маалымат пайда болду. Чамасы консул аны жарандыктан чыгарып, бирок дарек базасына түзөтүү киргизбей койгон окшойт. Бул туурасында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө билдиргенде алар эч кандай реакция кылышкан эмес.



Өз кезегинде БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев  Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда бул маалымат ага да келип түшкөндүгүн айткан.

- Мени юрист катары бул маселенин юридикалык тазалыгы таң калтырат. Жарандыктан чыккандыгы тууралуу справка бар, ошонун негизинде ал мандат алган. Бирок дарек базасында анын паспорту дагы эле жарактуу. Ошондуктан мен БШК төрагасынан РФ ФМК Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө расмий суроо жолдоону сурандым. бул маселени алар териштириши керек.

Ал арада РФ салык кызматы  Vesti.kg сайтына Сагындык Келдибаевдин аныктоочу номуру бар экендигин билдиришкен. Келдибаев паспортту 2012-жылы алган.

Мындан мурда  Vesti.kg сайты фейсбукта «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутатында эки жарандуулук бар деген маалымат пайда болгондугун жазгандыгын эсиңиздерге салабыз .

Бирок БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов депутаттын экинчи паспорту эми жок деп билдирди.

- Биз баарын текшердик, тийешелүү документтердин баары бизде бар, - деп белгиледи Бекматов.

Сагындык Келдибаев ушул жылдын апрелинде мандат алгандыгын эсиңиздерге салабыз. ал жаңы өкмөттүн курамына вице-премьер-министр болуп кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордун ээлеген.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх