Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Индира Жолдубаевадан башкасынын баары дагы эле Алмазбек Шаршенович менен мамиле кылышат"

КСДП кимдер экс-президент менен карым-катнашта экендигин атады. Алардын арасында Кыргызстанга кайтып келген Икрамжан Илмиянов да бар

Мурунку президенттин айланасындагылардын көбү азыр деле Алмазбек Атамбаев менен жакын мамиледе. Бул туурасында КСДП пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Атамбаев менен жакын мамилесин улантып жаткандардын бири Икрамжан Илмиянов. Айтмакчы, ал Кыргызстанга кайтып келген.

- Икрамжан Илмиянов Мекеден Кыргызстанга кайтып келди, - деди ал.

Андан сырткары, Кундуз Жолдубаева дагы кимдер аны менен жакын мамиледе экенин айтып берди.

- Индира Жолдубаевадан башка көп эле адамдар Алмазбек Шаршенович менен мамиле кылышат, - деп кошумчалады ал.  - Мисалы, Абдиль Сегизбаев, Фарид Ниязов жана Икрамжан Илмияновдор азыркыга чейин экс-президент менен мамилесин үзгөн жок. Ал эми анын мурунку пресс-катчысы Алмаз Усенов саясаттан тажагандыгын билдирип, бизнес жаатына кетти.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх