Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин пресс-катчысы аны иштен кетти деген ушактарды жокко чыгарды

Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу Толгонай Стамалиеванын ордун ээлөөнү көздөбөйт

Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу  президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын ордуна барат деген ММК дагы маалыматтарды төгүндөдү. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Анын сөзү боюнча, мындай деген сунуш ага келип түшкөн эмес.

- Бул жалган, - деди ал. - Жогорку Кеңештин пресс-кызматында ансыз деле иш чачтан көп.     Биз Толгонай экөөбүз группалашпыз, ошондуктан аны жакшы билем.     Ал өз ишинде өтө кылдат адис. Ал парламенттин пресс-кызматында мага чейин иштеп ,өзү тууралуу жакшы ой-пикирлерди калтырып кеткен.     Жалпысынан, биздин тажрыйбабыз бизге ар кандай тармакта иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан мага президенттин жана парламенттин пресс-кызматынын ишинин жоопкерчилиги менен оордугу бирдей эле.                                                 

Vesti.kg сайты комментарий алуу үчүн президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиевага кайрылганда, ал кесиптешинин сөздөрүнө кошулаарын айтты.

Жергиликтүү ММКнын биринин маалыматы боюнча жакын арада президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева башка ишке которулуп, анын ордуна ЖК пресс-кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу келеери айтылгандыгын белгилей кетели.
 
Бакыт Стамов
фото www
   

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх