Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Айбек Калиевди медсанбөлүккө которууга негиз жок

Ошентсе да мекемедегилер «Улуттук энергохолдингдин» мурунку төрагасына зарыл болгон учурда квалификациялуу медициналык жардам көрсөтөбүз деп билдиришти

УКМК тергөө абагында камалып жаткан «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы төрагасы медсанбөлүккө которууга муктаж эмес. Бул тууралуу улуттук коопсуздук комитетинин пресс-кызматы  Vesti.kg сайтына билдирди.

«Азыркы учурда Калиевдин абалы туруктуу. медсанбөлүккө которууга негиз жок. Зарыл болгон учурда квалификациялуу медициналык жардам көрсөтөбүз», - деп белгилешти мекемедегилер.

Мындан мурдараак мурдагы чиновниктин жактоочусу Бактыбек Жумашев Vesti.kg сайтына берген маегинде өзүнүн коргогон адамынын ден соолугу тууралуу даттанган эле.

Анын сөзү боюнча, Калиев сыртта жүргөндө тийешелүү дарылануу албагандыктан аябай арыктап кеткен. Ал өнөкөт гастрит жана пиелонефрит оорулары менен жабыркап жүргөндүгүн айткан.

«Улуттук энергохолдингдин» төрагасы Айбек Калиевди коррупция боюнча күнөөлөп, баш коргоо чарасын камакка алуу менен көргөндүгүн эсиңиздерге  салабыз.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх