Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Игорь Чудинов анын мандатын тез эле алып коюшкандарына түшүнө албай турат

Ал арада  депутаттын өзүн жана жактоочусун комиссиянын отурумуна эмне үчүн чакырышпагандыгын Боршайкомдогулар түшүндүрүп беришти

Экс-депутат Игорь Чудинов Борбордук шайлоо комиссиясынын анын мандатын алуу тууралуу чечимин шашылыш чыккан чечим деп атады. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

- БШК эртең менен документтерди алды,  түштөн кийин болсо комиссия чогултту, - дейт ал. - Эмнеге мынча шашылганы мага белгисиз. Ошону менен бирге БШК отурумуна мени да,  жактоочумду да чакырышкан жок.

Ошол эле убакта БШК пресс-катчысы Vesti.kg сайтына мындай учурда алардын катышуусу зарыл деле эмес деп билдирди.

- Конституциялык мыйзамдын 65-беренесине ылайык, депутаттын ыйгарым укугу айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден баштап токтотулат, - деп билдиришти БШК.

- Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 1-июнунда Игорь Чудиновго карата биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Башкача айтканда ал расмий түрдө күнөөлүү деп табылды, бул анын мандатын алганга жол берет. Андан ары БШК 30 календардык күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Боршайкомдун токтому үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Мындан мурдараак Игорь Чудинов Бишкек шаардык сотунун чечими менен депутаттык ыйгарым укугунан ажырагандыгын эсиңиздерге салабыз. БШК ЖК депутаттык мандатын тизме боюнча андан кийин турган талапкер Бактыбек Турусбековго өткөрүп берүүгө токтом кабыл алган.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх