Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Россия менен Кытайды колдоо үчүн америкалык товарлардан баш тартышыбыз керек

ЖК депутаты экономика министрине АКШ продукцияларына санкция киргизүүнү сунуштады

Кыргызстан Россия менен Кытайды колдоо үчүн америкалык товарлардан баш тартуусу керек. Бул тууралуу Исхак Масалиев бүгүн парламенттин пленардык отурумунда айтты.

- Биз Кытай жана Россия менен кызматташып жатабыз. АКШ аларга каршы санкция киргизди, алар да жооп кылышты. Биз өнөктөш катары аларды колдошубуз керекпи ?  - деп сурады депутат экономика министри Олег Панкратовдон.  - Биз башыбызды кумга тыгып отурсак кандай өнөктөш болобуз. Америка бүт дүйнөгө кандай болушту үйрөтүп жатат, а биз болсо үндөбөйбүз. Алар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатышат. Биздин ЕАЭБ алкагында милдеттенмелерибиз бар. Биз америкалык товарлардан баш тартсак кантет ?  Өкмөткө ушул тууралуу ойлонуп көрүүнү сунуштайт элем.

Өз кезегинде Олег Панкратов бул маселе учурда министрлер кабинетинде каралып жаткандыгын айтты.

- Евразиялык уюмдун алкагында РФ карата киргизилген санкцияларга кызыкдар экендигибизди билдирдик, - деп белгиледи ал.  - Бирок биз муну менен эле чектелип калбайбыз. Албетте, биз уюмдаштарды колдойбуз, бирок Кыргызстан тарапта АКШдан жооп иретиндеги реакцияны көрүп калуу тобокелчилиги турат.

Парламентте ЕАЭБ Бажы кодекси талкууланып жаткандыгын эсиңиздерге сала кетели.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх