Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Айбек Калиевди камактан бошотууга аракет жасап көрүшөт

Бишкек шаардык соту «Улуттукэнергохолдингдин» мурунку башчысынын жактоочусунун арызын карайт

Бүгүн Бишкек шаардык соту «Улуттукэнергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ишин карайт. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына Жогорку соттун пресс-кызматы билдирди.

КР Жогорку сотунун маалыматы боюнча, Биринчи май райондук соту Айбек Калиевдин камакта калуусун 13-августка чейин узарткан. Ушул себептен жактоочулар бул баш коргоо чарасына арызданышып жана соттон Калиевди үй камагына чыгаруусун өтүнүшөт.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» мурунку башчысы коррупция боюнча расмий айыпталып, баш коргоо чарасы камакка алуу менен көрүлгөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх