Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК коррупцияга каршы кызматына түтүктөрдү мыйзамсыз казып жаткан депутаттын үстүнөн арызданышты (сүрөт)

Жергиликтүү жашоочулар эл өкүлүнө эмне үчүн кылмыш ишин козгобой жатышкандарына таң калышат

Нарын облусунун тургуну Чолпон Сокеева УКМК коррупцияга каршы кызматынын директору Сагынбек Исмаиловго арыз менен кайрылды. Анын оюнча  Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Райымбек Абдылдаевдин мыйзамсыз иштерин Кочкор райондук прокура турасы жашырып жатат. Бул туурасында Нарындын тургуну Vesti.kg сайтына өзү билдирди.



Анын айтымында, бул депутатты селден сактоочу түтүктөрдү уурдап жатканда кармашкан.


- Ушул жылдын 1-мартында Кара-Суу деген айылга караштуу Алкым деген жердеги түтүктөрдү ал өзүнө караштуу адамдары менен казып , машинага жүктөгөн, - деп тактады ал. Жергиликтүү тургундар келип аларды кармап, ал түтүктөрдү өздөрүнүн сарайына жыйып коюшкан. Андан соң алар укук коргоо органдарына арыз жазышып, кылмыш ишин козготушкан. Бирок кандайдыр бир себеп менен Кочкор районунун прокуратурасы иликтөөнү токтотуп койгон.

ошону менен бирге эле Сокеева бул түтүктөрдү депутат Райымбек Абдылдаевдин биринчи жолу эле уурдап жатпагандыгын айтат.


- Анын мындай түтүктөрдү ар жерден казып алып, сатып жүргөндүгүн баары билишет, - деп кебин улайды аял. - Анткени менен дайыма эле ага эч кандай чара көрүлбөй келет.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх