ТИМ башчысын жаңжалдуу Кытай компаниялар менен байланышы бар деп күнөөлөштү
Эрлан Абдылдаев менен Сапар Исаков биргеликте КЭР бизнесмендеринин кызыкчылыгын коргошкон деген ойлор бар
Укук коргоо органдары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ишине юридикалык баа берүүсү зарыл. Мындай пикирин Казы Дыйкамбаев атындагы ТИМ Элчилик академиясынын проректору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына билдирди.
Анын оюнча, мекеменин башчысынын ишмердүүлүгү өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат.
- Башпрокуратура 2006-жылы эле Эрлан Абдылдаевге карата «Коррупция» жана «Кызмат абалынан ашыра пайдалануу менен мамлекетке чоң чыгым алып келүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Эрлан Абдылдаев КР Кытайдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ошол убактагы тергөө аныктагандай, 2005-жылы чиновник элчиликтин эсебинен Майрам Акаева башкарган «Мээрим» фондусунун эсебине 200 миң доллар которгон. Бирок бул иш экс-премьер Николай Танаевдин кайда экендиги белгисиз болгондугу үчүн токтотулган. Анткени бул акчаларды которууга Танаев көрсөтмө берген имиш, - деп эскертти Осмоналиев.
Бул токтотулган кылмыш иши болсо да, Эрлан Абдылдаевдин кайсы гана мамлекеттик кызматка барбасын жолтоо болушу керек эле. Бирок бул кылмыш иши анын 2012-жылы ТИМ жетектешине жолтоо болгон жок. Ал чечимди азыр камакта жаткан Сапар Исаков кабыл алган.
- 2012-жылы КЭР Кыргызстандагы элчиси ван Кайвен Эрлан Абдылдаевди «Джунда» жана «Алтынкен» Кытай компанияларынын жетекчилери менен тааныштырган. Менин билишимче, бул таанышуунун максаты Кытай жумушчулары үчүн виза ачууга жардам кылуу болгон. Бирок кийинчерээк ушул эле компаниянын жетекчилери Абдылдаевди жоболоңдүү «Чайна Роуд» компаниясы менен тааныштырган, кийин ал компания да Кытайдан бир нече миңдеген жумушчуларды алып келген.
Бул нерсеге Исаков иш жүзүндө «крыша» болуп турган. Премьердин «Чайна Роуд» өкүлдөрү менен бат-бат жоолугушуусу президенттин аппаратынын журналына жазылып турган, - деп белгиледи ал.
Элчилик академиясынын мурдагы проректору Абдылдаевдин ушундай аракеттеринин натыйжасында өлкөдө башка да Кытайлык компаниялар көбөйө баштады деп ишенет. Тактап айтканда TBEA компаниясы да ушул эле схема боюнча Исаковго келген.
- Жыйынтыгында, сүйлөшүп алышып TBEA компаниясы ЖЭБ калыбына келтирүү боюнча келишимди түзүшкөн, ал эми бийлик болсо СМЕС мамлекеттик компаниясын толугу менен иштен четтетип салган. Болбосо ал компаниянын тажрыйбасы мол жана модернизацияны арзан баага бүтүрмөкчү болуп жаткан эле.
Андан сырткары азыркы ТИМ башчылыгынын аркасы менен өлкөдө акыркы 3 жылдын ичинде «Хуавей» жана «Лонг Хай» Кытай компаниялары пайда болду. Алар да Кыргызстанга Кытай жумушчу күчүн тартып келип жатышат, - деп белгилейт Кайрат Медербекович.
Ошондой эле, Кыргызстанда Кытай жарандарынын өсүшү жөнөкөй көзгө да байкалып жаткандыгын кошумчалады.
- Бул секирик 2012-жылдан бери байкалууда. Тактап айтьканда виза бергенден баштап күчөдү. Азыр биздин өлкөдө 150 миңден ашуун Кытай жашап, иштеп жатышат. Схема эң жөнөкөй: ТИМ кытайларга массалык түрдө виза алууга жардам берет, ал эми Исаков болсо укук коргоочулардын Кытай компанияларына болгон койгон талаптарынан кытайларды калкалап келген. Ошону менен эле бирге кыргызстандыктарга Кытай визасын алуу бир кыйла эле татаал, -деп сөзүн аяктады Осмоналиев.
Алтынай Темирова
Фото www