Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Башпрокуратурага Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн арызданат

Сагындык Келдибаев мурунку эл өкүлү тарабынан айтылган ушакка нааразы

Депутат Сагындык Келдибаев Башпрокуратурага экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын анын дарегине карата ушак сөз таркаткандыгы үчүн арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутаттын жардамчысы билдирди.

Башкы көзөмөлдөөчү органга арызды эл өкүлүнүн  жактоочусу даярдагандыгын жана Келдибаев өзү азыр командировкада экендигин айтты.

Ал арада, Vesti.kg сайты Башпрокуратура менен байланышканда,  бул маалыматты азырынча ырастаган жок.

- Депутат Келдибаевден арыз келип түшкөн жок, - деп жооп беришти КР БП.

Мындан мурдараак экс-депутат Ыргал Кадыралиева азыркы учурда депутат болуп турган Сагындык Келдибаевди кош жарандуулугу бар болгондугу үчүн күнөөлөгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх