Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кримтөбөл Мелис Аспековду мажбурлап Канатбек Исаевге каршы жалган көрсөтмө алган

Акыйкатчы Кубат Оторбаев депутаттар менен кошо УКМК тергөө абагында жаткандарга барды

Криминалдык төбөлдөрдүн бири активист Мелис Аспековду мажбурлап Канатбек Исаевге каршы жалган көрсөтмө бердирген. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР акыйкатчысынын аппаратынын пресс-кызматы билдирди.

Укук коргоо мекемесинин маалыматы боюнча, акыйкатчы Кубат Оторбаев депутаттар менен кошо УКМК тергөө абагында камалып жаткандарга барды.

- Бул жоолугушууда Мелис Аспеков акыйкатчыга жана депутаттарга аны криминалдык төбөлдүн жардамы аркылуу мажбурлап Канат Исаевге каршы жалган көрсөтмө алышкандыгын айткан, - деп билдиришти акыйкатчынын аппаратынан.

Мындан мурун Vesti.kg сайтына 2017-жылдын октябрь айында, Канат Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, УКМК кызматкерлери Мелис Аспековду кармагандыгын билдиргендигин эсиңиздерге салабыз. Ага массалык башаламандык уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айып тагышкан.

Айыптоого негиз болуп, анын телефон аркылуу Өмүрбек Бабанов тарабынан колдоо болот деп сүйлөгөнү эсептелген. Бирок шайлоо штабы Бабановдун Мелис Аспеков менен кызматташтыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх