Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК бюджеттен «уурдалган» 95 млн. сомду кайтарууга жардам берди

КР коопсуздук Кеңешинин чечимин аткаруу боюнча чекисттердин маалыматы

Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралдагы  чечимин ишке ашыруунун алкагында УКМК экономика тармагындагы бүткөн жана токтотулган кылмыш иштерин инвентаризациялоо боюнча иш чараларды өткөрөт.

2016-2017 жылкы инвентаризациянын жыйынтыгы Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгына жана Башпрокуратурага жөнөтүлдү.

Башпрокуратуранын талабы боюнча бул кылмыш иштериндеги кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугун изилдөө үчүн көзөмөлдөө органына жөнөтүлдү.

Кылмыш иштеринин бүткөрүлгөн жана токтотулган фактыларын азайтуу жана негизсиз созулган тергөө, ошондой эле токтотулган кылмыш иштерин талдоо жана изилдөө жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш иштеринин акыркы процессуалдык чечимдерин кабыл алуу жандандырылат.

ККК 2018-жылдын январь - июнь айлары боюнча материалында УКМК тергөө бөлүмдөрү жана башка укук коргоо органдары тарабынан 117 кылмыш иши козголгон, алардын 60 - коррупциялык багытта.

Бюджет каражаттарын мыйзамсыз чыгаруу жана  уурдоо фактысы боюнча сумма 1 млрд. 150 млн. 545 миң 549 сомду түздү. Андан мамлекеттик бюджетке кайтарылганы 95 млн. 478 миң 692 сом. Башка келтирилген зыяндар боюнча козголгон кылмыш ишиндеги сумма 519 млн. 219 миң 937 сомду түздү.

УКМК пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх