Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Менин убагымда Башпрокуратурада кесиптештеринин артын жабышчу эмес»

Экс-премьер жана башпрокурордун мурунку биринчи жардамчысы жарандардын көзөмөл органынын кызматкерлерине болгон арызын кабыл алуу үчүн түзүлгөн бөлүм тууралуу ойлорун айтышты

Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин тазалыгы мекеменин башчылыгында ким тургандыгынан көз каранды эмес - ар ким адеп-ахлактык маселесин өзү чечет. Мындай деген пикирин башпрокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча мурунку биринчи жардамчысы Султан Баратов билдирди.

- Калыс кызматкер ар кандай учурда мыйзам боюнча иш кылат, ал жетекчиликке көз каранды болбойт, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Мурдараак редакциябыз билдиргендей, Башпрокуратура ар бир тармактык башкармада жалаң гана арыздарды кароочу бөлүм ачуу тууралуу чечим чыгарган эле.

Жарандардын көпчүлүгү төмөнкү инстанцияларга арыздангандыктан, бөлүмдүн кызматкерлери жер-жерлерди кыдырышат.

Мындай иштер менен мекеме мурун да алектенген дейт Баратов. Прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн жазылган арыздарды кароо анын иши болгондугун айтат.

- Мен калыс болчумун, менин кесиптештерим да, - деп ишенимдүү жооп берди юрист. - Алардын бирөө кимдир бирөөнүн артын жапкан деп ойлобойм. Бирок азыр мезгил башка, адамдар да башка, кантип иштешээр экен.
 
Мурунку премьер-министр Феликс Кулов жаңы башпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун тартипке салам деп умтулганы мактоого арзырлык нерсе.

Ал кимдир бирөө бир нерсени өзгөрткүсү келсе, бир нерсе аткарышы керек деп белгилейт.


- Жакшы саамалык, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Бирок муну ишке ашыруу башка кеп, анткени бул жерде көп кыйынчылыктар бар. Мисалы, кимдир бирөө пара алуу үчүн прокурорду айыптады дейли. Муну далилдеш керек, ал эми далилдөө кыйын. Андан сырткары, сөзжөн эле ушак болуп калышы мүмкүн - көрө албастардын жалаасы. Ошондуктан мунун баары дароо эле ишке аша калбайт.

Мурда Vesti.kg сайты билдиргендей, Башкы прокуратуранын түзүлүшүндө «коррупцияны азайтуу, прокурордук иштин натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле жарандардын арыздарын өз убагында сапаттуу кароо максатында» өзгөртүү жүргүзгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

«Жаңы ачылган бөлүм жарандардын арыздарын кароодо иштин сапатын арттыруусун жана прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн болгон арыздардын азаюусун, ошондой эле жарандардын, президенттин аппаратынын жана коопсуздук Кеңешинин доо, арыздарын ыкчам жана ар тараптуу кароону камсыз кылат деп ишенебиз », - деп айтылат билдирүүдө.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх