Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коррупционерлердин тизмеси пайда болду. Башпрокуратура маалымат базасын түздү

Каттоого мамлекеттик байлыкты уурдаган жана кызматтык абалынан кылмыш кылгандар алынды

Башпрокуратура  "Кыргыз Республикасынын укук коргоо соттордун жана көзөмөл органдарынын коррупция менен болгон күрөштө көргөн чаралары тууралуу"  2018-жылдын 8-февралында КР коопсуздук Кеңешинин чечимин аткаруу боюнча бир катар иштерди жүргүздү.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо жана коррупцияга байланыштуу кылмсыш кылып соттолгондор үчүн бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү.

Бүгүнкү күндө  программалык камсыздоонун базасындагы «Кылмыш статистикасында» жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдардын катоосу түзүлгөн. Бул каттоого электрондук базада бар болгон жогорудагы кылмыш иштери боюнча 1996 жылдан 2018 жылга чейинкиси киргизилген.  

Андан сырткары 2018-жылдын 23-апрелинде Башпрокуратура менен МСК алдындагы «АйТи-сервис»  Мамлекеттик ишканасынын ортосундагы «Коррупциялык жана кызматтык кылмыш кылгандардын тизмесин » бекер иштеп чыгуу жана автоматтык маалыматтык системага киргизүү тууралуу келишим түзүлдү.

Башпрокуратуранын маалымат бөлүмү
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх