Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казак оппозиционери Муратбек Тунгишбаевдин кайда экендигин ЖАМК билдирди

Бишкекте кармалган активистти 1-тергөө абагынан УКМК кызматкерлери чыгарып кетишкен

Казак оппозиционер Муратбек Тунгишбаевдин кайда экендиги дагы эле белгисиз. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Адиль Турдукулов билдирди. Анын сөзү боюнча, ал азыр кармалган активисттин жактоочусу экөө УКМК кызматкерлери аны кайда алып кеткендигин билүүгө аракет жасап жатышат.

- УКМК тергөө абагында ал жок, - деди Турдукулов. - Тунгишбаевдин көзүн дарылатуу үчүн 47-ТК котруп жибериши мүмкүн деген божомол бар, бирок муну тактоого мүмкүн болбой жатат.

Муратбек Тунгишбаевди көр-жерлери менен кошо 1-тергөө абагынан белгисиз бир жакка чыгарып кетишкендиктерин анын жактоочусу Нурбек Токтакунов фейсбукка жазган.
Vesti.kg сайты ЖАМК пресс-кызматына комментарий үчүн кайрылганда, Муратбек Тунгишбаевди УКМК которулгандыгын билдиришти.

- Ал азыр УКМК тергөө абагында, - деп жооп беришти жаза аткаруу Мамлекеттик кызматынан.

Казак оппозиционери Муратбек Тунгишбаев Бишкекте ушул жылдын 10-майында атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жакынкы убактарда аны мекенине кайтарып беришет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх