Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: КР «мейли, ууру болсо да жердешим» деген сыяктуу ой жүгүртүү басымдуулук кылып атат

Мамлекет башчы коррупционерлер эл алдында жек көрүндү болуп, элден чыгарылышы керек

Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөгөн сөзүндө элди коррупция менен күрөштө мамлекетти
колдоого чакырды.

- Азыркы учурда коррупцияга шектелген адамдарга кепилдик берүү сыяктуу мыкаачы практика колдонулуп келет, - деди ал. - Коррупционерди кармаганда эле депутаттар, же саясий топтор пайда боло калышып, анын бошотулушун талап кыла башташат. Коррупция менен күрөш коомдогу аң-сезимдүү жана активдүү позициядагы жарандардын колдоосуна муктаж. Азырынча "ууру болсо мейли, бирок жердешим да"  деген ой жүгүртүү басымдуулук кылып атат. Бул ошол айылдын элдери чогулуп кол топтоп, аны камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылууга түрткү болот.   Президент коррупционерлер ээн-эркин алчактамак турсун, жек көрүндү болуп, элден чыгып кала турган коомду түзүү керек деп белгилеп кетти.

- Ким эл байлыгын уурдаган болсо, ал эртеби, же кечпи кайтарат, - деп билдирди мамлекет башчы. - Менин сунушум менен өкмөт коррупция менен күрөштүн жүрүшүндө түшкөн каражаттар которула турган эсеп ачты.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх