Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков тапанчадан жакшы атат

Генерал табелдик куралдан атуу боюнча Спартакиадада экинчи орунду ээледи

23-июндан 28-июнга чейин Бишкектин спорт базасында КР мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин 6-Спартакиадасы өтөт. Бул жылы Спартакиаданын программасына 15 спорттун түрү киргизилген: армрестлинг, бильярд,волейбол, оор атлетика, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, согуш куралынан ок атуу, үч тапан, тогуз коргоол, самбо, шахмат жана аркан тартыш.

Спартакиаданын байге фонду:

Жарандык түзүмдөр: 1-орун - 250 000 сом; 2-орун - 150 000 сом; 3-орун - 100 000 сом.

Күч түзүмдөрү: 1-орун - 250 000 сом; 2-орун - 150 000; 3-орун - 100 000 сом.
Баары болуп Мамлекеттик агентство Спартакиада өткөрүүгө 3 млн. 941 миң сом каралды.

27-июнда табелдик курал Макаров тапанчасынан атуу боюнча мелдеш болду. Бул мелдеште милициянын генерал-майору ИИМ биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков 84 упай алып ардактуу экинчи орунду ээледи. 1-орунду 87 упай менен КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы алды. 3-орунду 78 упай менен ЭККМК алды. 27-июнда ИИМ биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго салтанаттуу түрдө күмүш медаль менен грамота тапшырышты.

2017-жылы күч түзүмдөрүнүн арасында ИИМ биринчи орунду ээлеген эле, ал эми жарандык түзүмдөрдүн арасында Мамлекеттик салык кызматы жеңип чыккан.

ИИМ пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх