Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов: ЖК депутаттарынын арасында мамлекеттик сырды биле турган чет өлкөлүк бар

Экс-вице-премьер Бахадыр Сулеймановдо казак жарандыгынын бар экендигин тастыктаган документтер бар экендигин билдирди

Экс-вице-премьер-министр, азыркы Кыргыз Республикасынын элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Токон Мамытов жакында эле берген Бахадыр Сулеймановдун билдирүүсүнө каршы сөз айтты. Бахадыр Сулейманов Токон Мамытовду мыйзамсыз айлык алып жатат деп айыптаган.

Сиздин эки кызматта иштешиңиз депутаттардын арасында кызуу талашты жаратты. Сиздин эки кызматтагы айлыгыңыз, ага кошумча генералдык пенсияңыз бар. Буга кандай жооп берет элеңиз?

Парламентте ар кандай маселелерди талкуулап бүтүшүп, Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулайманов Токон Маматов алган айлыктар тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Мага 2013-жылы аскердик пенсия чегерилген. Ошондон бери аскердик пенсия алам. Мен аскер кызматкери катары буга акым бар.  Сулейманов айткандай премьер-министрдин кеңешчиси катары да айлык алам. Бирок Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жетекчиси катары айлык албайм. Бул коомдук уюм. Депутат Сулайманов сындагандан мурун мыйзамды окуп алса болмок экен. Ал депутат катары Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы бюджеттен каржыланбашын билип алса болмок. Бир нерсени айтаардан мурун өзүңдү карап алышың керек да. Бахадыр Сулейманов депутат катары айлык алат. Ошол эле учурда дунган элинин бирикмесинин Кеңешинин төрагасы катары айлык албайт. Ал менин Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан айлык албашымды эң сонун билет. Чамасы провакация аркылуу ал өзүнө упай топтойм дейт окшойт. Мен анын "арык аттап, суу кечпеген"  сөздүнө жооп бербейм, анын үстүнө чет өлкөнүн жаранынын алдында эмнеге жооп бермек элем. Бахадыр Сулейманов чет өлкөнүн жараны. Бул тууралуу менин колумда документтер бар. Мен анын казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөсүн берүүгө даярмын.
2010-жылы ал 5-чакырылышка депутат болуп келди. Ошондо да фракция лидери Камчыбек Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун ортосунда жарандык тууралуу уруш чыккан.

БШК анын чет элдик жарандыгын билбей каттап койгонбу, же комиссияны алдаганбы?

Алар деле бул тууралуу билишкен. Чет элдик жарандыгы бар үчүн мандатын алууга БШК 7 кишиси чыккан. Башкача айтканда БШК мүчөлөрүнүн бир добушу жетпей калган. Эреже боюнча «каршы» болуп 8 киши чыкмак. БШК Сулеймановдун жарандуулугу тууралуу документти укук коргоо органдарына бериши керек болчу. Бирок алар анткен жок. Мына жаңжалдын башы. Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны болуп туруп, Кыргызстанга келе калып эле дунган Бирикмесинин башчысы болуп калгандыгы таң калтырат. Анын алдамчылыгына нааразы болгон бирикменин мүчөлөрү Сулеймановдун жарандыгын тактоо үчүн Казакстанга суроо салышкан. 2013-жылдын апрелинде Бахадыр Сулеймановдун «Казакстандын жараны» экендигин бышыктаган билдирүү келген. Ал башка мамлекеттин жараны болуп туруп мамлекеттик сырга кантип колу жетип калган?

Ал мамлекеттик сырга жетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Андан сырткары, айлыгына 20% кошумча төлөтүп алып жүргөн. Бул кошумчаны ал кантип алып жүргөн? Башка мамлекеттин жаранын мамлекеттик сырга жеткиликтүү кылбаш керек. Өзүн сыйлаган мамлекет буга жол бербейт.

Сиз чекистсиз. Анын үстүнө генералсыз, ошондуктан жөн эле сүйлөп коё бербейсиз да. Сизде ушуну тастыктаган документтер барбы?

Документтер менин колумда. Мен аларды жакында эле алдым. Тийешелүү аныктай турган нерселер да бар. Бахадыр Сулейманов жетектеген дунган бирикмесинин мүчөлөрү өздөрү алып келип беришти.  Анын алдамчылыгына нааразы болгон дунгандар Казакстанга анын жарандыгын аныктоо үчүн суроо салышкан. Жогоруда айтылгандай, 2013-жылдын 19-апрелинде казак тарап анын казак жарандыгын тастыктаган документти жөнөтүшкөн. Ал кантип 2010-2013 жылдары депутат болуп жүргөн ? Ал үч жыл аралыгында кантип мамлекеттик сырга жетүүгө мүмкүнчүлүк алып, айлык алып жүргөн? Ушул суроого жооп берсин. Азыр Сулейманов менен ассамблеянын ортосунда соттошуу башталды. Ал бизди сотко берди. Мен процесс убагында анын казак жарандыгын аныктаган документтерди алып барам. Өкмөт Сулеймановдун мен тууралуу суроосуна мындай деп жооп берди: «Ассамблея бюджеттен каржыланбайт, бул коомдук уюм».

Азыр Сулейманов 2010-жылы Казакстандын жарандыгынан чыкканмын деп жатат. Жарандыктан чыгып аткан учурда Казакстандын президентинин жарлыгыны атайын номуру берилет. Кана ошол документ жана жарлыктын номуру ?  Ошондой эле Кыргызстандын парезидентинин аны жарандыкка кабыл алган жарлыгы кана ?  Ал ушуну да алып келе албайт. Сулейманов 2010-жылы «Ата Журт» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. Башка мамлекеттин жарандыгынан чыкпай туруп кантип ал талапкерлердин тизмесине кирген ? Биздин негизги мыйзамыбыз кош жарандуулукка жол бербейт.  Мен койгон  чет өлкөлүк Бахадыр Сулеймановго байланыштуу суроолордон кийин укук коргоо органдары жогоруда келтирилген фактыларга өзгөчө көңүл бурат го деп ойлойм.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх