Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Сооронбай Шариповичке чоң рахмат

Экс-депутат анын уулуна карата айткан жылуу сөздөрү үчүн президентти алкады

Мурунку президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов уулун куттуктаганы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

«Президент Сооронбай Шариповичке менин уулумду куттуктаган сөздөрү үчүн чоң ыракмат!» - деп жазат ал өзүнүн фейсбук баракчасына.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жалпыреспубликалык тестирлөөнүн жеңүүчүлөрүнө алтын сертификаттар тапшырылгандыгын түшүндүрө кетели. Алардын арасында Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир да болду.

Президенттин Нурэмир Бабановдун колун кысып, бетинен өөп жаткан сүрөттөрү соцтармактарда чоң жаңылык болду.
Президенттик шайлоодон кийин, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго КР КК 297-беренеси ( Конституциялык түзүлүшкө каршы элди чакыруу) жана 299 -беренеси (улуттук, расалык жана диндик карама каршылыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгондугун эсиңиздерге салабыз. Саясатчы Кыргызстандан кетип калган.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх