Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жактоочусу: Жогорку сот арызды кароого шашпайт

Мурдагы премьер-министрдин жактоочусу сотту сыйлабагандыгы үчүн прокурорго жана тергөөчүгө нааразы

Жогорку сот Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусунун арызын кароого шашылган жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына юрист Нурбек Токтакунов озү айтып берди.

Жактоочунун сөзү боюнча, ал Исаковдун бөгөт коюу чарасына каршы арыз берген.

- Мен бөгөт коюу чарасына каршы капкачан эле арыз бергем, бирок дайындалган күн тууралуу билдирүүнү ушул күнгө чейин ала элекмин, - деп билдирет Токтакунов.

Өткөндө Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду УКМК тергөө абагына камакка алгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Андан сырткары, Исаковдун жактоочусунун сөзү боюнча, ага кылмыш ишинин материалдарын беришкен эмес.

- Ушул себептен мен Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылгам, бирок прокурор менен тергөөчү келбей коюшту.  Бул сотту сыйлабагандыкты билдирет. Алар үчүн кандайдыр бир жыйын маанилүү экен, - деп бүтүрдү Нурбек Токтакунов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх