Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Финполиция» экс-депутат Мискенбаевге артынан эмнеге түшүшкөндөрүн түшүндүрдү

ЭККМК ага карата козголгон кылмыш иши саясаттан тышкары деп ынандырат

ЭККМК экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин ММК берген билдирүүсүн четке кагат. «Мага карата болуп жаткан нерсе - бул саясий өч алуу», - дейт ал.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекетттик кызматы  Мискенбаевдин жекече пикири чындыкка дал келбесин билдирди,  алдамчылык фактысы менен козголгон кылмыш иши эч кандай саясий негизге ээ эмес.«Айкө Ала-Тоо» Коомдук бирикмесинин өкүлү Алыкулова М. июнда  арыз берген адам. Арызда коомдун мүчөлөрүнө социалдык жардам иретинде берилген акча каражатын жетекчилик мыйзамсыз жеп алгандыгы жана козголгон кылмыш иши белгисиз себептер менен жабылып калгандыгы жазылган.

Бул жаран 2016 -жылы да ушул эле арыз менен кайрылып, ал кылмыш ишинин материалына тиркелген.  Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Алыкулова экинчи жолу арыз менен кайрылып, ошонун негизинде кылмыш иши кайра жандандырылды.

Президенттин коррупция менен күрөшүү жарлыгына ылайык,мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү  уурдоо жана кызматтык кылмыштарга карата козголгон кылмыш иштеринин токтотулушун кайрадан иликтөө багытындагы иштерди кароо колго алынды.

Пресс-служба ГСБЭП
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх